• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто кыргыз-өзбек чек арасы боюнча жумушчу топтун жолугушуусу өттү

Саясат 0

Бишкек, 27.12.22. /Кабар/. 2022-жылдын 23-декабрынан 27-декабрына чейин Ош шаарында алдыда өтүүчү кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелерин макулдашуу боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо иштерин жөнгө салуучу укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун даярдады. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгында Протоколго кол коюлду.

Кийинки жолугушуу Өзбекстандын аймагында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий