• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 11.03.24. /Кабар/. Кыргызстан жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун биргелешкен кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча комиссиясынын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптардын жолугушуусу 2024-жылдын 4-мартынан 8-мартына чейин Ош шаарында өткөн.

Анын жүрүшүндө 2023-жылга карата аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, 2024-жылга жолугушуунун графиги бекитилди, ошондой эле кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жана демаркациялык карталарды жана атайын (жалпы) геодезиялык тармакты түзүү маселелери талкууланды.

Сүйлөшүүлөр достуктун жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча тиешелүү Протоколго кол коюлду.

Жумушчу топтордун кезектеги жыйыны Өзбекстандын аймагында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий