• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто кыргыз тилинде иш кагаздарын жүргүзүү боюнча окуу-семинарлар өттү

Аймак 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Ош шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын кызматкерлерин иш кагаздарын жүгүртүүдө мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарын аткаруу жана сабаттуулукту арттыруу максатында кыргыз тилинин жазуу эрежелери боюнча окуу-семинарлары өткөрүлдү.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул жолу шаардагы 80 ге жакын мекеме-ишканалардын тиешелүү адистери окутулду.

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР Конституциялык мыйзамынын мамлекеттик тилди пайдалануу талабынын негизинде Ош шаарынын мэриясы тарабынан мындай окуу-семинарлары жыл боюу улантылат.

Пикир

Оставить комментарий