• 88.68
  • 95
  • 0.95

Лейлекте эки күн ичинде 3 уурулуктун бети ачылды

Аймак 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Лейлек районунун аймагында 15-16-февраль күндөрү "Ууру" ыкчам иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Бул иш-чарага Лейлек РИИБнин кызматкерлери менен биргеликте жергиликтүү 8 жаран катышып, топторго бөлүнүп иш алып барышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү тургундарга коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлдү.

Ошондой эле мурда катталып, бети ачылбай калган кылмыштар боюнча ыкчам иш-аракеттер уюштурулуп, жыйынтыгында 3 уурулуктун бети ачылды.

Пикир

Оставить комментарий