• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандырууга өзгөчө көңүл бурулат

Аймак 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Ош шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандырууга өзгөчө көңүл бурулат. Бул тууралуу мэр Алмаз Мамбетов “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын презентациясында билдирди.

Бул иш-чарага шаардык кеңештин төрагасы, жергиликтүү эл өкүлдөрү, экологдор, ЖОЖдордун тиешелүү факультеттеринин окутуучулары жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары да катышты.

Талкуунун жүрүшүндө шаардын ландшафтын жакшыртуу, жашыл аймактарды сугаруу, шаар аймагын, парктарды жана скверлерди көрктөндүрүү, бул багыттагы адистердин квалификациясын жогорулатуу боюнча пикир алмашуу болуп, сунуштар айтылды.

“Ош шаары баарына – шаар тургундарына жана туристтерге ыңгайлуу болушу керек. Бул үчүн шаардын көчөлөрүн, сейил бактарын, скверлерин, эс алуу жайларын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу артыкчылыктуу багытка ээ болушу шарт. Калаабыздын көркү болгон Сулайман-Тоону көрктөндүрүү жана жашылдандыруу маселеси өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. Бүгүнкү жыйындын жүрүшүндө түшкөн сунуштар боюнча тиешелүү тапшырмалар берилет”, - деп белгиледи мэр.

Мындан сырткары, мэр быйылкы жылы климаттык шарттарга туруктуулукту жогорулатуу максатында шаардын көчөлөрүнө ар түрдүү көчөттөр отургузула турганын кошумчалады.

“Бак-дарактардын ар түрдүүлүгүнө да өзгөчө маани берилет. Ар бир көчөгө бир түрдөгү бак-дарактарды отургузуу маселеси каралат. Биздин климатка ылайыктуу көчөттөрдүн гибриддик сортторун иштеп чыгуу маанилүү деп эсептейм. Ирригациялык системаны реконструкциялоо маселеси өзүнчө көңүл бурууга арзыйт. Ош шаарынын брендин өнүктүрүүгө жана жайылтууга да олуттуу мамиле жасоо зарыл. Калаанын брендин жигердүү жайылтып, бул багытта биргеликте иш алып баруу керек. Ландшафттык долбоорлор да бул маселени камтышы абзел. Бүгүнкү талкуу шаардагы фонтандардын иштөөсүнө нааразычылыктар бар экенин ачыктады. Эмне үчун фонтандар жакшы иштебейт? Фонтандар шаардыктарды бир сезон гана кубанта турган гүл эмес да. Фонтандар бардык жерде иштеши керек”, – деди Алмаз Мамбетов.

Иш-чаранын алкагында ишкананын жетекчиси Жалил Осмонов мекеменин өткөн жылдагы аткарган иштери жана 2022-жылга карата пландары боюнча да маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий