• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто мурда соттолгон адам унаа айдап качууга шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.01.21. /Кабар/. Ошто мурда соттолгон адам унаа айдап качууга шектелип кармалды, - деп билдирет Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Ош шаарына караштуу Жапалак айылынын тургуну 14-январь күнү болжол менен саат 08.30да өзүнө караштуу «Деу-Матиз» үлгүсүндөгү унаасын от алдырып үйүнө кирип кетип, келип таппай калган.

"Унаанын кайда экендиги аныкталып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча кайгуул кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районуна караштуу Фуркат айылында Ош-Бишкек багыты боюнча бара жаткан учурда кармалды. Автоунааны айдай качкан жаран 1963-жылы туулган, мурда бир нече ирет соттолгон Т.К. болуп чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Шектүү убактылуу кармаоочу жайына киргизилип, тергөө иштери башталды.

Пикир

Оставить комментарий