• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Талант Мамытов Сауд Аравиянын элчиси Абдурахман Аль-Жуманы кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.01.21. /Кабар/. Бүгүн, 14-январда Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүн аяктап жаткандыгына байланыштуу Сауд Аравия Королдугунун Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Абдурахман Аль-Жуманы кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Төрага Сауд Аравия Королдугунун Кыргыз Республикасындагы алгачкы элчиси катары эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошуп, мамилелерди жаңы деңгээлге көтөргөндүгү үчүн Абдурахман Аль-Жумага ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Талант Мамытов Кыргызстандагы ички саясий абал жана президенттик шайлоо менен башкаруу формасын тандоо багытында өткөрүлгөн референдум тууралуу учкай маалымат берди. Муну менен катар Кыргыз Республикасы бардык эл аралык милдеттемелерди бекем карманып, Сауд Аравия Королдугу менен буга чейин кол коюлган эки тараптуу жана көп багыттуу келишим менен макулдашууларды толук аткарарын билдирди.

Андан сырткары, парламенттер аралык кызматташтык маселесине токтолгон төрага, Жогорку Кеңеш акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жаткан бул жааттагы алакаларды мындан ары да арттырууга кызыкдар экендигин кошумчалады.

Жолугушууда тараптар 2019-2020-жылдардагы парламент башчыларынын эки тараптуу иш сапарлары учурунда парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөөгө, ошондой эле саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө, багытталган маселелер талкууланганын белгилешти.

Өз кезегинде Абдурахман Аль-Жума Сауд Аравия Королдугу Кыргызстан менен достук мамилелерди жана өз ара кызматташтыкты тереңдетүүнү көздөп жатканын белгилеп, парламенттер аралык байланыштарга да жогору баасын берди.

Баарлашуунун соңунда төрага парламенттер аралык байланыштар дагы да кеңейтилип, эки элдин достук алакасы өнүгө берерине үмүт артаарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий