• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тармактык комитет вице-премьер кызматына Абдыгуловдун талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети бүгүн, 21-ноябрда Толкунбек Абдыгуловду Кыргызстандын вице-премьер-министр кызматына талапкерлигин карап чыкты.

Талапкер тууралуу маалымат менен өкмөт башчы Сапар Исаков тааныштырды.

Эске сала кетсек, мурда бул кызматта Дүйшөнбек Зилалиев отурган.

Абдыгулов биринчи вице-премьер-министр болчу.

Белгилей кетсек, бир катар ЖМКда маалымдалгандай, биринчи вице-премьер-министр кызматына “Бир бол” фракциясынан депутат Аскарбек Шадиевдин талапкерлиги сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий