• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто облус башчысынын кубогуна арналган көк-бөрү жана аламан чабыш мелдеши өттү

Аймак 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 23-февралда КР президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө» жарлыгына ылайык спорттун көк-бөрү түрү боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогуна арналган мелдешке 390 миң байге фонду коюлуп, ага облустун 7 аймагынан бирден команда жана Ош шаарынын бир командасы катышып, жалпы 8 команда ат салышты.

Облус башчысынын "өтмө кубогунун" жыйынтыгында облус башчысы Зиядин Жамалдинов көк бөрү оюнчуларына сөз сүйлөп, өз колу менен сыйлык тапшырды.

1-орун – Өзгөн району 120 миң сом;

2-орун – Кара-Суу району 80 миң сом;

3-орунду – Кара-Кулжа району ээлеп, 50 миң сом;

4-орунду – Алай районунун командасы камсыз кылып, 30 миң сом акчалай сыйлык алды.

Көк-бөрү оюндарынан сырткары аламан чабыш болуп, ага жалпы 7 чабандес катышты. 1- орунду ээлеген чабандеске 40 миң сом, 2- орунду камсыздаганга 30 миң сом жана 3-орунда ээлеген чабандеске 10 миң сом акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий