• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто ПЦР-тесттин запасы жетиштүү, эч кандай муктаждыктар жок – Орозбаева

COVID - 19 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Ош шаарында жана Ош облусунда ПЦР-тесттин запасы жетиштүү, эч кандай муктаждыктар жок. Бул тууралуу Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Салтанат Орозбаева билдирди.

Анын айтымында, Ош облусу жана Ош шаары боюнча ПЦР-тесттер Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда жана вирусологиялык аккредиттелген лабораторияда текшерилет. “Азыркы күндө ПЦР-тесттердин запасы жетиштүү. Эч кандай муктаждыктар жок”, - деди ал.

Орозбаева кошумчалагандай, 5-февралдан тарта лабораторияларга 15 миң 598 анализ келип түшкөн. "Учурда келип түшкөн анализдердин бардыгы текшерүдөн өттү. Алардын ичинен коронавирус илдети тастыкталган учурлар 282ини түздү, ал эми анализдердин терс чыккандары 15 миң 316”, - дейт ал.

“Бүгүнкү күнгө карата тесттердин запасы 10 миң 956ны түзөт. Бул тест-системалар Россиядан, Кытайдан, Түркиядан алынып келинген”, - деп белгиледи Орозбаева.

Пикир

Оставить комментарий