• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19. Республика боюнча 2190 орундук резервде турат

COVID - 19 0

Бишкек, 09.07.21./Кабар/. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча COVID-19 менен ооругандар үчүн орундар жетиштүү. Бул тууралуу маалымат жыйынында саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди.

Анын айтымында, ошондой эле запастагы керебеттер дагы каралган.

“Бүгүнкү күндө республиканын 78 ооруканасында 5 миң 888 керебет COVID-19 менен ооругандар үчүн жайгаштырылган, анын ичинен 452си реанимациялык орундар. 9-июлга карата 223 бош орундар бар. Ошондой эле өлкө ичинде 2190 керебет резервде турат”, - деп белгиледи Рахматуллаев.

Министрдин орун басары кошумчалагандай, ошондой эле кечээ, Жугуштуу оорулар ооруканасынын жана Медициналык академиянын базасында 190 кошумча орун даярдалды. Анын ичинен 20 реанимациялык орун.

“Ооруканаларда 8 миңден ашык кычкылтек концентратору жана 850 өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар бар. Бүгүнкү күндө 5 миң 432 кычкылтек концентратору жана 457 өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат иштеп жатат», - деди Рахматуллаев.

Пикир

Оставить комментарий