• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто президенттин ысырапкорчулукка каршы жарлыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. Кечээ, 9-мартта “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгында президент Садыр Жапаровдун "КРда үй-бүлөлүк салтанатты жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, ага Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла Сарыбаев, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Ош шаардык бөлүмүнүн төрагасы, мэриянын, "Керме-Тоо" МАБтын өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана башка тийиштүү тармактардын адистери катышып, 200дөн ашык тургундар менен жолугушуу болду.

Жыйындын жүрүшүндө пикир алмашуу болуп, тургундар мааракелик иш-чараларга жана тойлорго кеткен чыгымдарды чектөө демилгесин колдоп, бул зарыл жана өз убагында жасалган чара экенин белгилешти.

Мындай иш-чаралар шаардын бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарында өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий