• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто психикалык жактан ооруган адамга айдоочулук күбөлүк берилген

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.07.18. /Кабар/. КРнын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Кара-Суу, Алай жана Чоң-Алай боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө Чоң-Алай районунун прокуратурасы менен биргеликте айдоочулук күбөлүгүн психикалык жактан оорулуу адамга мыйзамсыз берүү фактысын аныкташкан.

Ведомствонун берген маалыматына караганда, Чоң-Алай районундагы Кызыл-Тоо айылынын “Акыл-эстин кемтиги” диагнозу менен каттоодо турган М.Т. аттуу тургуну Чоң-Алай районундагы кесиптик лицейди “ВС” категориясындагы айдоочу жана “темир уста” адистиктери боюнча аяктаган.

М.Т. дарыгер-психиатрдын диспансердик каттоосунда тургандыгына карабастан ага айдоочунун жеке карточкасы берилген.

24-июлда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы жыйнаган материалдар боюнча Чоң-Алай районунун прокуратурасы 304 (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 350 (документтерди жасоо) беренелеринде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда каржы полициясы Кыргызстан боюнча ушуга окшогон фактыларды аныктоо боюнча текшерүү иштерин улантып жатат.

Пикир

Оставить комментарий