• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Пайдалуу кеңеш: Уйку – ден соолуктун жакшырышына жакшы өбөлгө түзөт

Дүр дүйнө 0

Адамдын уйкусу өз убагында жакшы болсо, анда адам карылыкка баш бербейт. Эрте жатып, эрте туруп көнгөн адам ден соолуктун негизги шартын өзүнө түзүп алат. Таңкы таза аба, табигаттын тынчтыгы чуркоого, гимнастика жасоого жакшы мезгил болуп саналат.

Окумуштуулардын айбанаттарга жасаган тажрыйбаларында 25 күн тамак ичпеген жаныбар ден соолугу кайрадан өзүнө келип, бирок ошол эле учурда беш күн уйкудан калтырганда, ал өлүп калган. Мына ушул жерден да уйкунун ден соолук үчүн канчалык мааниси бар экендигин билүүгө болот.

Айрыкча адам чарчаган учурда уйку узак жана катуу болот. Уйкуну өз учурунда жана кандыра уктасаң ойлонуу күчүн жана чарчаган денени кайра калыбына келтирет.

Кары адамдар күнүнө 6-7 саат, орто жаштагылар 8 саат, ал эми жаш балдар болсо 10 сааттан кем эмес укташы керек.

Уйкунун бузулушунан сактануу үчүн мына буларга көңүл буруу керек:

-жатаарда адамдын нерв системасын тынчтыкта кармап эс алдырыш керек;

-жатаар алдында тамеки тартпай, ичимдик ичпей жана да чайды коюу салып ичпеш керек. Анткени адам уктай албайт, мындайча айтканда уйку качат;

-кечки тамакты жатаарга 2-3 саат калганда ичип, ошондо да аз ичип, ашказанга оордук бербеш керек.;

-жатаар алдында ар бир адам таза абага чыгып дем алып, ал эми кыш мезгилинде болсо күнүнө 10-20 мүнөт буттарды ысык сууга салуу керек.

Маалыматтар интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий