• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Үйдү жылуулатуу тууралуу мобилдик тиркеме чыкты

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 19.12.17 /Кабар/. 2017-жылы долбоордун алкагында үйдү туура жылуулоо жана энергонатыйжалуу мештерди куруу боюнча мобилдик тиркеме иштелип чыкты. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине АВЕП коомдук фондунун директору Нурлан Токонов билдирди.

Анын айтымында, бул тиркеме аркылуу төмөнкү багыттарда кеңири маалымат алууга болот:

• Үйдү туура жылуулоонун түрлөрү (камыш, саман сыяктуу табигый, экологиялык жактан таза материалдар жана өндүрүштөн чыккан түрлөрү);

• Үйдүн ичине салынчу меш менен тышка салынган очокту канткенде отунга үнөмдүү, чөнтөккө пайдалуу кылып салса болот?

• Кыргызстандын кайсыл аймагында ким деген мастерлер бар (аты-жөнү, байланыш телефондору)?

• Үйдү жылуулаганда эмнеге маани берүү керек? Курулушка кандай материалдарды колдонуу зарыл? Жылуулай турган табыгый жана өндүрүштөн чыккан курулуш материалдарынын артыкчылыгы менен кемчилик жактарын;

• Үйдү жылуулаганда профессионалдуу адистердин кеп-кеңештери менен зарыл болгон кеңири маалыматты;

• Үйдү жылуулаш үчүн кайсыл жактан насыя алса болоору тууралуу.

Бул тиркемени уюлдук телефон аркылуу “андроид” платформасында жайгашкан “Плей Маркет” тиркемесинен “Теплый дом” деп аталган тиркемени издеп таап, өзүңүздөрдүн уюлдук телефондоруңуздарга көчүрүп алсаңыздар болот.

Белгилей кетсек, мындай тиркемени Швейцария өнүгүү боюнча Хелветас Свисс Интеркооперейшн уюму жана АВЕП коомдук фонду менен бирге “Айыл жеринде жашыл шыктарга окутуу – G-STAR” – деген долбоордун алкагында иштеп чыкты.

Пикир

Оставить комментарий