• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто шаар ичинде май куюучу жай салууга тыюу салынат

Аймак 0

Ош, 23.03.19 /Кабар /. Кечээ, 22-мартта Ош шаарында мэр Таалайбек Сарыбашовдун жетекчилиги астында атайын комиссия май куюучу жайларды (АЗС) текшерип келди. Атайын комиссия Гагарин жана Монуев көчөсүнүн кесилишиндеги бир нече май куюучу жайлардын курулушунун мыйзамдуулугун текшерген.

Мэрдин айтымында, май куюучу жайлар текшерилип, коопсуздук талаптарына жооп бербеген жана мыйзамсыз май куюучу жайлар алынат.

"Жарандардын коопсуздугу менен өмүрү биринчи орунда турат. Май куюучу жайлар шаар сыртында да жетиштүү. Бул маселе Экономика министрлиги менен макулдашылгандан кийин, мыйзамсыз курулган май куюучу жайлар алынат. Андан тышкары, шаар ичине май куюучу жай салууга тыюу салынат", - деди ал.

Ош шаарында 44 май куюучу жай бар. Алардын алтоо иштебейт. Эреже боюнча алар турак үйлөрдөн 50 метр алыстыкта курулушу керек. Бирок, Гагарин жана Монуев көчөсүнүн кесилишиндеги эки май куюучу жайдын жанында көп кабаттуу турак үй турат.

Эске сала кетсек, 20-март күнү Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи районунда май куюучу жайлардын биринен өрт чыгып, 3 адам жабыркаган. Алардын бирөө оор абалда жатат.

Пикир

Оставить комментарий