• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектеги ишембиликке 35 миңге жакын адам чыкты

Коом 0

Бишкек, 23.03.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги ишембиликке 35 миңге жакын адам чыкты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Мэрия билдиргендей, шаарды тазалоого шаар тургундары, окуу жайдын студенттери, муниципалдык аймактык башкармалыктын, ишкана, мекемелердин кызматкерлери чыгышкан.

Маселен, Ленин районунан ишембиликке 5 миң 680 адам, Октябрь районунан 12 миңден ашык киши, Свердлов районунан 7 миң 686 киши, Биринчи май районунан 6 миң 300 адам катышкан.

Ишембиликте бактардын көчөттөрү, гүлдөр отургузулуп, таштандылар тазаланып жана башка иштер аткарылган.

Пикир

Оставить комментарий