• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

20-сентябрь – ишкерлердин кесиптик майрамы. Сандар жана фактылар

Коом 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. Жыл сайын 20-сентябрда республикада ишкерлердин кесиптик майрамы белгиленет. Бул күн КР өкмөтүнүн 2000-жылдын 20-октябрдагы токтому менен аныкталган.

Улуттук статистикалык комитеттен билдиришкнедей, 2022-жылы республиканын аймагында 17 миңден ашык чакан жана орто ишканалар иштеген, алардын ичинен 95,5% чакан ишканалар түзгөн. Мында иштеп жаткан ишканалардын эң көп саны (30% дан ашыгы) өз ишин соода чөйрөсүндө, 14% жакыны - өнөр жайда жана 11,4% - курулушта жүргүзүшкөн. Иштеп жаткан ишканалардын 65% жакыны өз ишин Бишкек шаарында жүргүзүшкөн. Чакан жана орто ишканаларда 2022-жылы 92 миң адам же экономикада иштегендердин жалпы санынын 4% иштеген.

Чакан жана орто ишканалардын кызматкерлеринин орточо айлык эмгек акысы 2022-жылы 15 миң 944 сомду түздү. Мында анын өлчөмү мурдагыдай эле республика боюнча орточо деңгээлден төмөн бойдон калууда (26 миң 540 сом).

Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик каттоосунун маалыматтары боюнча, 2023-жылдын 1-январына карата республиканын аймагында 442,5 миң жеке ишкерлер иш жүргүзүшкөн.

2022-жылы республиканын аймагында 473 миңден ашык дыйкан (фермер) чарбалары ишмердик жүргүзүштү.

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча чакан жана орто ишкердик субъекттери өндүргөн кошумча дүң нарктын көлөмү 420,4 млрд сом өлчөмүндө же ИДПга карата 43,3 пайызды түздү.

Чакан жана орто ишкердиктин субъекттеринин өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү (нан өндүрүү боюнча формалдуу эмес ишти эске алуу менен) 2022-жылы 96,5 млрд сомду түздү. Мындай субъекттер тарабынан өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын үлүшү анын жалпы көлөмүндө 22 ашык пайызды түздү.

Чакан жана орто ишканалар 2022-жылы дан эгиндеринен өндүрүлгөн ундун жалпы көлөмүнүн 73% жакыны туура келди, минералдык суунун 27,9% , толтурулбаган макарон азыктарынын 27,7% , эмеректердин 31,2% , ошондой эле желим бөтөлкөлөрдүн бардык көлөмүн түзүшкөн.

Региондун өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмүндө чакан жана орто ишканалардын эң көп үлүшү Ош шаарына (60,2%), ал эми эң азы (3,4%) - Ысык-Көл облусуна туура келет.

2022-жылы чакан жана орто ишкердиктин субъекттеринин дүң жана чекене соодасынын, автоунааларын жана мотоциклдерин оңдоонун жүгүртүү көлөмү 807 млрд сомду түздү. Чакан жана орто ишкердиктин соода жүгүртүүсүнүн үлүшү анын республика боюнча жалпы көлөмүндө 81% түздү.

2022-жылы айыл чарбасында (дыйкан (фермер) чарбаларын кошкондо) иш жүргүзгөн чакан жана орто ишкердик субъекттери тарабынан 222,2 млрд.сом көлөмүндө продукция өндүрүлгөн. Чакан жана орто ишкердиктин продукцияларынын дүң чыгарылышынын түзүмүндө 97% жакыны дыйкан (фермер) чарбалары өндүргөн продукцияга туура келген.

2022-жылы дыйкан (фермер) чарбалары тарабынан союу үчүн 225 миңден ашык тонна мал жана канаттуулар (тирүүлөй салмакта), же жалпы республика боюнча өндүрүштүн жалпы көлөмүндө 51,1% өндүрүлгөн, 871миң тонна (50%) сүт саалган, 7,5 миң тонна (58%) жүн кыркылган жана 196 млн даана (32%) жумуртка алынган.

Пикир

Оставить комментарий