• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Куткаруучулар ашууда калган жүк ташуучу унаанын айдоочусун издөөдө. Ал чет элдик жаран болгон

Кырсык 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Калмак-Ашуу ашуусунда айдоочусу жок "МАН" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа табылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматынан билдиришкендей, күн мурун жүк ташуучу унаа ашуудан чыга албай, жолду тосуп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ӨКМдин үч куткаруучусу барган. "Токтоп турган унаанын ичинде айдоочу болгон эмес. Алдын ала маалыматына ылайык, ал Беларусь жараны болгон. Учурда куткаруучулар издөө ишин жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий