• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто Улуу Жеңиштин 76 жылдыгы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 09.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 9-май күнү Ошто Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына арналган салтанат өткөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жана жергиликтүү тургундар катышты.

Салтанатта Ош облусунун башчысы ардагерлерди куттуктап, Улуу Жеңиш алардын от кечкен эрдигинен, тылдагы эмгекчилердин күжүрмөн эмгегинен жаралганын белгиледи.

“Улуу Ата Мекендик согушта аталарыбыз келечек урпактар, алардын жаркыраган жашоосу үчүн күрөшүп, өз өмүрлөрүн кыюу менен тынчтыкты тартуулашты. Жалпы Кыргызстандын калкы сыяктуу эле, миңдеген оштуктар да, колго курал алышып, элибиздин, жерибиздин намысы жана эртеңки тагдыры үчүн жоого какршы аттанышкан. Урматтуу ардагерлер! Сиздер элибизди дүйнөнү кайгыга салган фашисттердин чеңгелинен бошоткон улуу эрдигиңер үчүн чексиз алкыш айтабыз”,- деди Жарасул Абдураимов

Улуу Ата Мекендик согушка Ош жергесинен 85 минден ашуун жоокер катышкан. Алардын ичинен 25 миңдей жоокер кан майдандан кайткан эмес.

Маалымат үчүн: Учурда Ош облусунда 11 согуштун, 179 оруктун ардагери бар.

Пикир

Оставить комментарий