• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто "Улуу Жибек жолундагы Ош шаары” бизнес-форуму өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 21.04.19. /Кабар/. Ошто “Улуу Жибек жолундагы Ош шаары” бизнес-форуму болуп өттү. Ага КР Маданият, маалымат жана туризм министри А.Жаманкулов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, ТҮРКСОЙ уюмунун Башкы катчысы Касеинов Дуйсен, Туркия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түркмөнстан өлкөлөрүнөн келишкен өкүлдөр, жергиликтүү ишкерлер, туристтик компаниялар, ММК өкүлдөрү катышышты. Иш-чара "Ош - түк дүйнөсүнүн маданий борбору" салтанатынын алкагында уюштурулган.

Бизнес-форумда Ош шаарынын жана Ош облусунун экономикалык жана туристтик потенциалы тууралуу талкуулар болгон.

"Бизнес-форумда турзимди өнүктүрүү, ошондой эле кышкы туризмди өнүктүрүүнү колго алуу, бул багытта активдүү аракеттерди көрүү маселелери айтылып, чет мамлекеттен келишкен өкүлдөр өз мамлекеттериндеги туризм тармагынын өнүгүшү тууралуу бет ачаарларды жасашты", - деп кабарлашты Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан.

Белгилей кетсек, иш-чарага 150дон ашуун компания катышты. Форумдун жыйынтыгында Ош облусуна жана Ош шаарында 2019-2023-жылдарга карата Туризмди өнүктүрүү боюнча Улуттук Программаны кабыл алуу туурасында сунуштар жана иш-чаралары түзүлүшү маалымдалды.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар үчүн “Ош шаарынын жана Ош облусунун туристтик потенциалы сүрөттөрдө” аттуу сүрөт жана декоративдик-кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсү уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий