• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто заманбап мечит курулууда

Аймак 0

Бишкек, 13-июнь /Кабар/. Бүгүн, 13-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлү Таалай Сарыбашов Кара-Суу районунун Фуркат айылында курулуп жаткан Ош облустук казыятынын 3 кабаттуу жаңы имаратынын курулушу менен жеринде таанышты. Бул тууралуу облустун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган курулуштун жүрүшү менен Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев тааныштырып, казыяттын борбордук башкаруу комплексинин долбоору боюнча кеңири айтып берди жана казыяттын 2-3-кабаттары толугу менен бүткөрүлүп калгандыгын жеринде тааныштырды. Ошондой эле, облус башчысы казыят имаратынын жанында курулуп жаткан заманбап мечиттин курулуш иштеринин жүрүшүнө да күбө болуп, курулушка катышып жаткан усталар жана жергиликтүү жамаат менен жолугушту. Таалай Сарыбашов өз сөзүндө аталган имарат облустун диний жетекчилик борбору катары жалпы облус элин ынтымакка, биримдикке жана улуттар арылык достукка үндөгөн борборго айланышына тилектештигин билдирди. Мындан сырткары тиешелүү шарттарды түзүүгө өкүлчүлүк жардам берээрин айтты. Соңунда аксакалдар казыяттын жана мечиттин курулуш иштеринин ийгиликтүү бүтүүсүн тилеп, баталарын беришти.

Эскерте кетсек, Өкмөттүн өкүлү ушул жылдын мартында казыяттын заманбап мечитинин курулушун баштоого капсула салуу аземине катышкан болчу.

Пикир

Оставить комментарий