• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто жер титиреди

Аймак 0

Бишкек, 22.05.19. /Кабар/. Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

КРнын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 22-майда болжол менен саат 14:07де катталып, очогунда күчү 3 баллга чейин жеткен.

Жер титирөө Кара-Суу районунун Лангар айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий