• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштогу борбордук стадион оңдолууда – фото

Аймак 0

Бишкек. 08.04.19 /Кабар/. Оштун борбордук А. Сүйүмбаев стадионунда пландалган оңдоо иштери 90% аткарылды. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Стадионду оңдоо демилгесин калаа башчысы Т. Сарыбашов көтөрүп, жергиликтүү ишкерлер да колдоого алган. Оңдоп-түзөө иштери уланууда.

"Шаардыктарга колдон келишинче шарт түзүп бергенге аракет жасайбыз. Баарын бир күндө чече албасак да тынымсыз аракетте болушубуз керек. Бир гана мэрия эмес, ишкерлер да колдоп жатышат. Шаар жалпыбыздыкы. Биз да ишкерлерди колдойбуз. Шаардык мэрия эл үчүн иштейт. Быйылкы жылы бир топ пландарды ишке ашырабыз", - деди мэр.

Пикир

Оставить комментарий