• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто мектеп окуучусу туулган күнүнө Атамбаевден белек алды

Коом 0

ОШ, 16.08.17 /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош шаарындагы №9 А.Рудаки атындагы мектеп-гимназиясынын 3-классынын окуучусу Эльнура Эсеналиева президент Алмазбек Атамбаевден туулган күнүнө аквариум белекке алды.

Президенттин атынан белекти окуучу кызга Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев тапшырды.

Мэр Эльнура мектептин алдыңкы окуучусу экенин белгилеп, ага ийгилик каалады.

Кыздын энеси Эльмира Эсеналиеванын айтымында, июлдун этегинде кызы телевизор көрүп отуруп, президентке кат жазып, 13-август туулган күнүнө белек суроону сунуштаган.

“Кызым катында президенттен балыктары бар аквариум белекке сураган. Ал мага кат жазып берип, мен аны жөнөтүп жибергем. Биз президентибизге белеги үчүн чоң ыраазычылык билдиребиз, кубанычымда чек жок”, - деп бөлүштү кыздын энеси.

Пикир

Оставить комментарий