• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ашуулардагы абал: Жолдор ачык, унаа кыймылына чектөө жок

Коом 0

Бишкк, 31.10.23. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 31-октябрга карата өлкөнүн ашууларындагы жана жолдорундагы абал боюнча маалымат берди.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, учурда жолдор ачык, унаа кыймылына чектөө жок. Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатышат.

Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун Чыйырчык ашуусунда, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировканын Чапчыма ашуусунда, Каракол –Эңилчек жолунун Чоң–Ашуу жана Барскоон – Ак-Шыйрак жолунун Сөөк ашуусунда, Боом капчыгайында, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун Долон, Чар, Ак–Бейит, Түз–Бел, Кубакы ашуулары менен Өтмөк жана Ала-Белде жол ачык, каттам бар.

Ал эми Төө – Ашууда кар жаап, жолчулар тарабынан инерттик материалдар чачылууда, учурда жол ачык.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызгидромет борбору 31-октябрь жана 1-2-ноябрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаай турганын кабарлап, шашылыш билдирүү тараткан.

Мындан улам, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий