• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президенттин кеңешчиси колунда бар азаматтарды калктын аялуу катмарына жардам берүүгө чакырды

Коом 0

Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев колунда бар азаматтарды калктын аялуу катмарына жардам берүүгө чакырды.

Абыкеев «Биринчи радионун» эфиринде 1-январдан баштап аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электроэнергиясынын тарифи 50 тыйынды түзөрүн эске салды.

«Президент Коопсуздук кеңешинде жаңы жылдан баштап аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратуу жагынан жардам беребиз деп айтты. Бул багытта иш аракеттер жүрүүдө. Пандемия маалында ишкерлер, колунда бар адамдар элге чоң жардам берди. Ошол мисалдын негизинде колунда бар азаматтарды калктын аялуу катмарына жардам берүүгө чакырат элем. Бул багытта бийлик да иштеп жатат», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий