• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштун коменданты дүкөн ээлерине спирт ичимдиктерди сатпоого чакырат

Аймак 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Спирт ичимдиктерин ичип алып коменданттык саатты бузгандар да байкалууда. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө абал киргенге чейин эле спирт ичимдиктерин ичип алып унаа башкаргандар да болуп келген.

"Спирт ичимдиктери жол кырсыгын жана коменданттык саатты бузган учурга алып келерин эске алуу керек. Мындан улам дүкөн ээлерине ичимдиктерди сатпай турууга чакырам. Сергек жашоого өтүшүбүз керек", - дейт ал.

Нурдинов белгилегендей, ичимдиктерди ичкен жарандар илдеттин жайылышына себепкер болот.

15-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 449га жетти. Алардын ичинен 98и медицина кызматкер. Коронавирустан 78 жаран айыкса, каза болгондордун саны 5 адамды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий