• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштун мэри депутаттар менен Баткендин элине жардам көрсөтүү маселелерин талкуулады

Аймак 0

Бишкек, 18.09.22./Кабар/. Бүгүн, 18-сентябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Жолугушууда Баткен облусунун тургундарына жардам көрсөтүү жана колдоо маселелери талкууланды. Ошондой эле эвакуацияланган жарандарга көмөк көрсөтүү боюнча да сөз болду.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Баткен облусунун тургундарына жардам көрсөтүү максатында Бишкек жана Ош шаарларында штаб ачышкан.

Пикир

Оставить комментарий