• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чек ара. БУУнун башкы катчысы Садыр Жапаров менен жолугушууга даяр

Саясат 0

Бишкек, 18.09.22./Кабар/. 2022-жылдын 17-сентябрында Кыргызстандын тышкы иштер министрт Жээнбек Кулубаев БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга байланыштуу телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИИдин маалымат кызматы билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ТИМдин башчысы курман болгондордун, анын ичинде жергиликтүү жашоочулардын, жер которгондор, көптөгөн социалдык жана жарандык инфраструктуралык объектилердин, анын ичинде мектептер жана турак жайлардын кыйрашы, кыргыз жарандардын мүлкүн жана аларга таандык болгон буюмдарды талап-тоноо фактылары тууралуу маалыматын Башкы катчысынын назарына жеткирди. Мындан тышкары, чыңалууну басаңдатууга багытталган ар кандай деңгээлдеги саясий-дипломатиялык аракеттер жөнүндө да маалымат берип, тажик тараптын мурда жетишилген ок атууну токтотуу жана куралдуу күчтөрдү артка кайтаруу боюнча макулдашууларды аткарбоо позициясына байланыштуу өкүнүү белгиледи.

Ошондой эле Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Тажикстан Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн жана анын туруктуу эмес аскерлештирилген топторунун Кыргыз Республикасынын эгемендүү аймагын кыянат жана негизсиз баскынчылыгынан коргоо жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында чечкиндүү жооп кайтаруу чараларын көргөндүгү жөнүндө маалыматын башкы катчысына берди.

Өз кезегинде БУУнун башчысы кырдаалдын өнүгүшүнө терең тынчсыздануу менен көз салып жатканын белгилеп, чыр-чатактын мындан ары курчушуна жол берилбестигин жана аны тараптардын конструктивдүү тынчтык диалогу аркылуу гана чечүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, башкы катчы 2022-жылдын 20-сентябрында Нью-Йоркто Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен бетме-бет жолугушуу өткөрүүгө даярдыгын билдирди.

Ошондой эле, БУУнун башчысы КРнын ТИМ Ж.Кулубаевди келерки жумада Нью-Йоркто Тажикстандын тышкы иштер министрлигинин башчысы С.Мухриддин менен учурдагы кырдаалды талкуулай тургандыгына ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий