• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштун жаштарына Японияга барып иштегенге шарт түзүлөт

Аймак 0

Бишкек, 18.07.19. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарынын вице-мэри Н.Кадыров Япониянын “Шеунанизава” курулуш компаниянын башкы директору Изава мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Япония мамлекетинде жарандарды билим берүү жана жумуш орду менен камсыздоо жаатында сүйлөшүүлөр жүрдү.

Япония тараптын айтымында, кыргызстандыктардын көпчүлүк бөлүгүн түштүктүн жашоочулары түзөт, Японияда негизи төрт багыт боюнча жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү бар: социалдык, курулуш, мейманкана бизнес чөйрөсү жана IT-технология тармагы.

“Биз кыргызстандыктарды Японияда ишке орноштурууну каалайбыз. Бирок, алар, жок дегенде, баштапкы деңгээлде жапон тилин билүү керек. Ал үчүн Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун базасында жапон билим берүү борбору ачылган. Мындан тышкары студенттер үчүн институттун астында колледж бар, окууну бүтүп тил үйрөнүп бүткөн соң Японияда иш менен камсыз болушу мүмкүн. Кыргызстандыктар үчүн Японияда үч жылдын ичинде болжол менен 3400 (үч миң төрт жүз) жумушчу орундарын түзүү демилгеси жүрүп жатат. Алардын көпчүлүгүн түштүк тарап түзүшү мүмкүн. Мындан тышкары, студенттерге жапон мекемелеринде жана ишканаларында стажировкага жана окуу практикасын өтүүгө мүмкүнчүлүк бар”, - деп айтты жолугушунун жүрүшүндө Изава мырза.

Пикир

Оставить комментарий