• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында Бүткүл дүйнөлүк театр күнүнө карата иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 29.03.21. /Кабар/. Ош шаарында Бүткүл дүйнөлүк театр күнүнө карата иш-чара өттү. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирет.

Салтанаттуу иш-чара С. Ибраимов атындагы Улуттук драма театрында өтүп, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, республиканын үч облусунан чыгармачыл жамааттар катышты.

Министр өз сөзүндө чыгармачыл топтор коңшу мамлекеттерге гастролго чыгаарын айтты. "Жыл сайын 27-мартта Театр күнүнө карата масштабдуу иш-чаралар өткөрүлүп келген. Эми иш-чараларды аймактарда өткөрүү чечими кабыл алынды. Бул залга үч облустун өкүлдөрү - филармониянын жамааттары, театрлар, куурчак театрлары чогулушту. Жакынкы аралыкта Россия, Казакстан жана Өзбекстанга чыгармачылык топтордун гастродорун уюштуруу иштелип чыгат. Жакынкы аралыкта репертуар тандалып, чыгармачыл топтор коңшулаш Өзбекстанга кетишет", - деди өз сөзүндө министр.

Пикир

Оставить комментарий