• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Пакистан Сенатынын Төрагасы: “Пакистан Кыргызстан менен болгон кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө кызыктар”

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14-март /Кабар/. Бүгүн, 14-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков расмий иш сапарынын алкагында Пакистан Ислам Республикасынын Сенатынын Төрагасы Раза Раббони менен жолугушту. Бул тууралуу КР Жогорку Кеӊешинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда парламенттер аралык кызматташтыкка байланышкан бир катар маселелер көтөрүлүп, эки тараптуу алакалардын келечеги тууралуу да сөз болду.

Төрага Чыныбай Турсунбеков эки өлкө ортосунда кандайдыр бир саясий пикир келишпестиктер жок экендигин белгилеп, Пакистан Азиядагы парламенттик демократиялык багытта өнүгүп жаткан өлкө катары, бул жааттагы тажрыйбасы Кыргызстан үчүн маанилүү болорун кошумчалады.

Ошондой эле парламенттер аралык кызматташтык маселесине токтолгон Төрага, Жогорку Кеӊеш Пакистан Сенаты менен болгон алакаларды, айрыкча достук топторунун жана Комитеттеринин деӊгээлиндеги байланыштарды кеӊейтүүгө кызыктар экенин билдирип: "Тыгыз кызматташтык парламентаризмди куруудагы пикирлер жана тажрыйбалар менен бөлүшүүгө шарт түзөт", - деди.

Мындан тышкары, кыргыз-пакистан кызматташтыгы эки тараптуу келишимдик-укуктук базага көз каранды экенин айткан Чыныбай Турсунбеков, Раза Раббанини кабыл алынган өкмөттөр аралык келишимдерди ратификациялоого байланышкан маселелерди тездетүүгө чакырды.

Ал эми соода-экономикалык жааттагы кызматташтык боюнча пикир алмашкан тараптар учурдагы алакалардын абалы эки жакты теӊ канаттандырбасын белгилешип, бул жааттагы байланыштарды күчтөндүрүү керектигине токтолушту.

Ошондой эле, Раза Раббани Пакистан Кыргызстан менен болгон кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө кызыктар экенин белгилеп, парламенттер аралык өнөктөштүктү да арттыруу керектигин кошумчалады. Раза Раббанинин айтымында мыйзам чыгаруу органдарынын тыгыз иш алып баруусу, эки мамлекет ортосундагы маселелерди тез арада чечүүгө жол ачат.

Мындан тышкары, ал Кыргызстан элчилиги менен биргеликте мамлекеттер ортосундагы дипломатиялык байланыштардын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата мааракелик иш чараларды уюштурууну Пакистан Сенатынын достук тобуна сунуштай тургандыгын убада кылды.

Пикир

Оставить комментарий