• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Пакистандагы жер силкинүүдөн 34 адам көз жумуп, 459у жабыркады

Дүйнө 0

Бишкек, 25.09.19. /Кабар/. Шейшемби күнү Пакистан менен Индиянын чек арасында күчү 6,3 баллга жеткен жер силкинүүдөн 34 адам каза болуп, 459у жабыркады. Бул тууралуу Express Tribune гезити билдирет.

Буга чейин жер титирөөдөн 26 адам курман болуп, 300дөн ашыгы жабыркаганы айтылган.

Мирпур райондук администрациясынын маалыматына ылайык, жабыркагандардын 160ынын абалы оор деп сыпатталууда.

Жер силкинүү Пакистандын түндүк жана түндүк-чыгыш тарабында көбүрөөк байкалган. Ошол эле убакта Индиянын чек ара аймагында өзгөчө кырдаалдагы абал деп табылган эмес.

Пикир

Оставить комментарий