• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркия: Эрдоган добуштардын 53% алды

Дүйнө 0

Бишкек, 19.05.23. /Кабар/. Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы добуштардын 98% саналып бүттү.

Hurriyet басылмасы билдиргендей, алдын ала жыйынтыктар боюнча, Режеп Тайып Эрдоган алдыда баратат. Ал шайлоочулардын 52,08% колдоосуна ээ болду. Анын атаандашы, бирдиктүү оппозициянын талапкери Кемал Кылычдароглу азырынча добуштардын 47,92% топтоду.

Добуш берүүгө шайлоочулардын 85% ашыгы катышты. Өлкө боюнча 191 миңден ашык урна орнотулду.

Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин маалыматына караганда, шайлоонун экинчи айлампасы мыйзам бузууларсыз өттү.

Пикир

Оставить комментарий