• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Памирден келген балдар жакында мектепке барышат

Коом 0

Бишкек, 24.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Нарында Билим берүү жана илим министрлигинин адистери Улуу жана Кичи Памирден келген балдардын билимин текшеришүүдө. Бул тууралуу КР вице-преьмер-министр Чолпон Султанбекова уул төрөгөн этникалык кыргыз Жанбүбү Маматзайым кызы менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, балдардын мектеп программасына даярдыгынын деңгээлин баалоодон кийин адистер аларды тиешелүү класстарга бөлүштүрүп, жакын арада алар мектепке бара башташат.

Султанбекова өкмөт алардын ыңгайлашуусуна жана мындан аркы социалдык интеграциясына өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.

Эскерте кетсек, 11-октябрда Кыргызстанга Кичи жана Чоң Памирден 33 этникалык кыргыз келген. Алардын арасындагы кош бойлуу Жанбүбү Маматзайым кызы 21-октябрда Бишкекте көз жарып, уулун КР президентинин урматына Алмазбек аташты.

Пикир

Оставить комментарий