• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүйдө балдар интернатынын тарбиялануучуларына Ысык-Көлгө жолдомолор берилди

Коом 0

Бишкек, 13.06.23. /Кабар/. Бүгүн, 13-июнда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Чүйдөгү жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар мектеп-интернатынын тарбиялануучуларына барды.

Министрликтен билдиришкендей, мектеп-интернатта Кыргызстан боюнча 189 бала жана өспүрүмдөр жашайт. Министр аларга президент Садыр Жапаровдун атынан тарбиялануучуларга кийим-кече жана Ысык-Көлгө жолдомо тапшырып, мугалимдерге жана тарбиячыларга балдарга ыңгайлуу шарт түзүп берген эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

"Балдар кыялданышы керек, биздин милдетибиз алардын кыялын ишке ашыруу. Бул жердеги ар бир бала өзгөчө көңүл бурууга муктаж, мамлекет үй шартына болушунча жакын жашоо шартын түзүү үчүн бардык чараларды көрүүдө", - деди министр.

Мектеп-интернаттын директору Назгүл Мусаева көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирди. "Биз балдардын дарегине келген ар кандай жардамга ыраазыбыз. Интернатта биз чоң үй-бүлөдөй жашайбыз. Мектеп программасынан тышкары балдар ийримдерде окуп, спортко, маданий иш-чараларга катышышат", - деди Мусаева.

Балдар мекемесине баруу учурунда министр мектептин инфраструктурасы, тарбиялануучулардын жашоо шарттары жана жашоо-тиричилиги менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий