• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Панфилов районунда 15 жаштагы Адилет Данияров изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 21.06.21. /Кабар/. Панфилов районунда 2006-жылы туулган Данияров Адилет Даниярович изделүүдө. Бул тууралуу райондук милиция кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы 8-апрелинде Панфилов райондук ички иштер башкармалыгына 1985-жылы туулган Н.А. арызы менен кайрылып, анын жашы жете элек 2006-жылы туулган Данияров Адилет аттуу баласын издөөгө көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн. Ал 2021-жылы 20-февралда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Милиция кызматкерлерине издөө иши тууралуу маалымат берилген.

Арыздануучуну суракка алуу учурунда жогорудагы жашы жете элек бала Ысык-Көл облусунда төрөлүп өскөнү, анда 5-класстан тартып өз алдынча мектепке баруудан баш тартып, үйдөн качып кетип, бир-эки жумалап жоголуп жүргөнү маалым болгон. Ушуга байланыштуу апасы мурда арыз жазган эмес.

Белгилери: бою 160-165 см, чачы кыска кара, арык дене түзүлүштө.

Кийими: Кара кожа куртка, кара спорттук шым, кара бут кийим.

Өзгөчө белгилери: башынын сол жагында тырыгы бар.

“Аталган жашы жете элек баланын жүргөн жерин, же ал тууралуу маалымат билгендерди төмөнкү номерлерге чалып билдирүүңүздөрдү суранабыз: 0312 6079 89, 0702 31 75 22, 0557 08 03 87, 0701 79 0018”, - деп айтылат милициянын маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий