• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Панфилов районунда бир тоннадай металлды уурдап кеткендер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Панфилов районунда уурулукка шектүүлөр кармалды, - деп билдирет Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Кайыңды шаарында жайгашкан жеке ишканалардын биринин өкүлү милицияга арыз менен кайрылган. Анда 2022-жылдын 7-февралында ишкананын аймагынан белгисиз бирөөлөр бир тоннадай металлды уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факты Панфилов РИИБү тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республиксынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси ("Уурдоо") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Панфилов РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарбынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, буга чейин соттолгон 34 жаштагы М.М., жана 23 жаштагы Ю.В., аттуулар кармалып, убактылуу кармаоочу жайга камакка алынышкан.

Учурда териштирүү иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий