• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Парламентте Улукбек Марипов баштаган өкмөттүн жаңы түзүмү каралууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.02.21. /Кабар/. Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Улукбек Марипов баштаган өкмөттүн жаңы курамы, түзүмү жана программасы каралууда.

Буга чейин Өкмөттүн жаңы курамы парламенттеги көпчүлүк коалициянын, ошондой эле Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында каралган.

Жыйында Кыргыз Республикасынын премьер-министрлик кызмат ордуна сунушталган Улукбек Марипов баяндама жасап: "Акыркы он жылдыктагы экономикалык каатчылык башкаруу системасынын натыйжалуу эмес жүргүзүлүп келгендигин айгинеледи. Андыктан, биз мындан ары калктын жашоосун жакшыртуу багытында иш алып баруубуз кажет. Айрыкча, билим берүү, саламаттыкты сактоо, инфраструктураны өнүктүрүү маселелери орчунду орунду ээлейт. Буга байланыштуу жаңы Өкмөттүн түзүмүн сунуштоо алдында бардык тармактарда реформаларды жүргүзүү максатыбыз эске алынды. 22 өкмөт мүчөсүнүн 16сы гана калтырылып, формалдуу эмес, натыйжалуулугуна жараша кыскартуулар болду", - деди.

Муну менен катар каржылык жоопкерчиликти арттыруу багытында Экономика жана финансы министрликтери бириктиргени, Социалдык өнүктүрүү министрлиги Саламаттыкты сактоо министрлигине кошулганы, Транспорт министрлигине архитектура тармагы жүктөлгөнү, жаңы Коргоо министрлиги, ошондой эле энергетика чөйрөсүндө көйгөйлөр көп экендиги эске алынып өзүнчө министрлик түзүлгөнү айтылды.

"Андан сырткары, Айыл чарба министрлигине аймактары өнүктүрүү жоопкерчилиги берилип, тармактарды жетектөөгө дасыккан, тажрыйбасы мол адистер көрсөтүлдү", - деди Улукбек Марипов.

Ал эми тышкы карызды азайтуу багытында да жигердүү иштер жүргүзүлүшү керектигин белгилеген талапкер: "Ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү, технологиялык модернизациялоо маселелери да чоң өзгөрүүлөрдү алып келүүдө маанилүү роль ойнойт" - деп кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий