• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Кеңеште беш министр ант берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 09.03.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында беш министр парламенттин трибунасынан ант берип, кызматына киришти.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев, транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев, санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев ант берип, ишине расмий киришти.

Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин жаңы мүчөлөрү дайындалганда аталган министрлер ант берген эмес.

Пикир

Оставить комментарий