• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Петербургда кыргызстандык мекендешине бычак саюуга аракет кылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.01.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Санкт-Петербургдун Кызылгвардия районунда Кыргызстандын жараны мекендешине бычак саюуга аракет кылган, бирок аракети ишке ашпай калган. Бул тууралуу “Невские новости” маалымдайт.

Маалыматта айтылгандай, 28-январда болжол менен саат 02:30 чамасында Ударников проспектисинде жайгашкан №19 үйдүн 3 бөлүмүндө Кыргызстандык эки адам ичимдик ичип, ортодо чыр чыккан. 1986-жылы туулган эркек киши өзүнүн 1983-жылкы бөтөлкөлөшүнө бычак сайып, залал келтирген.

Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген.

Шектүүнү окуя болгон жерден кармашкан. Ага карата кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий