• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Премьер-министр С.Жээнбеков иш сапары менен Талас облусуна барат

Өкмөт 0

Бишкек, 9-март /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бир күндүк иш сапары менен Талас облусуна барат. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Премьер-министр Кызыл-Адыр айылындагы фитосанитардык лабораториясынын ачылыш салтанатына катышат.

Мындан тышкары, “Тараз-Талас-Суусамыр” унаа жолунун курулушу, “Арашан” сүт кайра иштетүүчү заводунун иши менен таанышып, Талас облусунун Кара-Буура районундагы Сатыкей айылындагы орто мектептин ачылыш аземине катышат.

Пикир

Оставить комментарий