• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга келди

Президент 0

Бишкек, 05.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 5-октябрда, мамлекеттик сапар менен Өзбекстан Республикасынын Ташкен шаарына учуп келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Аэропорттон Мамлекет башчысын Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев, тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов, Ташкен шаарынын мэри Рахмонбек Усманов жана Кыргызстандагы Өзбекстандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Комил Рашидов тосуп алышты. Ардактуу кароол тизилип, эки өлкөнүн желектери илинген.

Мамлекеттик сапардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын лидерлеринин тар жана кеңири курамда кыргыз-өзбек мамилелеринин актуалдуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрү өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий