• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Ош шаарынын күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 05.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Ош шаарынын күнү менен куттуктады.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мамлекет башчысынын куттуктоо тексти төмөнкүдөй:

"Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Сиздерди кылымдарды карыткан Ош шаарынын күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Улуу Жибек Жолунун боюнда, ыйык Сулайман тоосунун боорунда жайгашкан Ош шаары эзелтен Батыш менен Чыгышты байланыштырган сооданын борбору, берекенин, молчулуктун жергеси болуп келген. Кол өнөрчүлүктүн, ар кыл маданияттын ордосу катары көп улуттуу элдин башын бириктирип турган. Шаардын курама эли ынтымакта жана биримдикте жашоонун, меймандостуктун мыкты салттарын калыптандырган.

Байыркы шаарыбыз тарыхында далай сыноолорду баштан кечирди. Бирок кыйын кезеңдерде курама элди ар дайым сабырдуулук, ынтымак жана биримдик сактап келди.

Акыркы жылдары өлкөбүз сыяктуу эле Ош шаарынын көп улуттуу эли дагы өнүгүүнүн туруктуу жолуна түштү. Ишкерлик жанданып, туризм, соода алакасы өнүгүп, жолдор оңдолуп, жаңы социалдык обьектилер, мектептер, көпүрөлөр салынып жатат. Инфраструктурасы жылдан жылга жакшырып келатат.

Башка чоң шаарлардагыдай эле Ошто дагы көйгөйлөр аз эмес. Бирок байыркы шаардагы көп улуттуу элибиздин кылымдап калыптандырган байлыгы – ынтымак жана биримдик болсо, алар сөзсүз чечилет. Шаардын келечеги кең экендигине мен терең ишенем. Ордолуу калаабыз дайыма жаркырап таза, жашоого ыңгайлуу жана коопсуз болот. Анткени Ош шаарында элибиздин көөнөрбөс салтын улаган, ынтымакты жана биримдикти бийик туткан мээнеткеч жана меймандос эл жашайт.

Сүйүктүү Ош шаарыбызга тынчтык, ынтымакташтык жана гүлдөп өнүгүү, ал эми сиздерге, кымбаттуу тургундар, чың ден-соолук, бак-таалай жана ийгиликтерди каалайм!"

Пикир

Оставить комментарий