• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент: Бабанов боюнча эч кандай сүйлөшүүлөр болгон эмес

Президент 0

Бишкек, 19.12.18. /Кабара/. “Өмүрбек Бабанов боюнча эч кандай эки жактуу жана үч жактуу сүйлөшүүлөр болгон эмес”, - деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында.

Мамлекет башчысы билдиргендей, Бабановду президенттик шайлоо астында дебаттардан көргөн.

“Андан кийин аны көргөн жокмун. Мурунку президент менен эмнени сүйлөшкөн жана экөөнүн ортосунда кандай келишимдер бар экендиги мага белгисиз. Менин артымдан кандайдыр бир келишимдер барбы, жокпу мен ал жөнүндө билбейм. Бул менин көйгөйүм эмес. Ал ошол сүйлөшкөндөрдүн маселеси", - дейт Жээнбеков.

Президент белгилегендей, ал өзүнүн шайлоо программасында көрсөткөндөй, элдин жана өлкөнүн кызыкчылыгын эң биринчи орунга коет.

“Мен элдин көйгөйүн билем. Мен элдин жыргалчылыгы үчүн иштейм деп сөз бергенмин”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий