• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

5,5 млрд.сом: Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражаттар кайда жумшалаарын айтты

Президент 0

Бишкек, 19.12.18. / Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү эсепке түшкөн каражаттар социалдык объектилерди курууга жумшалаарын айтты.

Жыл жыйынтыктоочу маалым жыйынында мамлекет башчысы билдиргендей, жыл башынан тарта июль айында ачылган атайын эсепке 5,5 млрд. сом которулган.

Атайын эсеп ачылгандан тарта ага 800 млн.сом келип түшкөн.

“Бүгүнкү күндө Чүй облусу менен Бишкекте активдүү ички миграцияны байкап жатабыз. Мындан улам социалдык объектилердин, мисалы балдар бакчасы менен мектептердин жетишсиздиги пайда болууда. Буга байланыштуу атайын эсептеги каражаттар Бишкек менен Чүй облусунда жаңы социалдык объекттердин курулушуна жумшалат”, - деди президент.

Мындан тышкары ал коррупция менен күрөш уланып жатканын, көрүлгөн чаралардын натыйжасы иш жүзүндө байкалып жаткандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий