• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент беткап режимин бузгандыгы үчүн өкмөт мүчөлөрүнөн айыппул төлөөсүн талап кылды

Президент 0

Бишкек, 19.06.20. /Кабар/. Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып, өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып беткап режимин бузгандыгы үчүн айыппул төлөөсүн талап кылды.

Президент «бул илдеттин артынан бийлик акча кылууда, бул илдет жок» деген жоопкерчиликсиз билдирүүлөр бул оорунун бар экендигинен күмөн саноого түрткү болуп жатканын белгиледи. «Буга кошумча, өкмөт мүчөлөрү топтошуп, социалдык дистанцияны сактабай, беткапсыз сүрөткө түшүштү. Бул сүрөт бүт өлкөгө тарады. Мындай нерселер аракеттерибиздин баарын жокко чыгарат», - деп президент, медиктердин талаптарын бузгандарга айыппул салууну талап кылды.

«Бул чаралар өкмөт аппаратынын катардагы кызматкерлерине карата колдонулбашы керек. Алар, менимче, башчыларынын буйругу боюнча чыгышкан. Баарыңар айыппул төлөшүңөр керек», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий