• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кадамжай районунда соода-логистикалык борборду куруу демилгеленүүдө

Президент 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-августта, Баткен облусунун Кадамжай районунда соода-логистикалык борборду куруу боюнча долбоор менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Мында 100 га аймакта өнөр жай объектилерин, айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүчү жана экспорт үчүн курулуш материалдарын чыгаруучу ишканаларды куруу пландалууда.

Бул соода-логистикалык борбордун курулушуна катышууга даяр инвесторлор бар экендиги белгиленди.

Мамлекет башчысы аталган долбоорду ишке ашыруунун маанисине токтолуп, тийиштүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийликке бул маселенин тез арада чечилишине көмөк көрсөтүүнү сунуштады.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул жергиликтүү калкты жумуш орду менен камсыз кылуу маселесин чечип, ички миграциянын агымын азайтууга жана жалпы эле региондогу социалдык-экономикалык өнүгүү динамикасын жакшыртууга жардам берерин кошумчалады.

Эске салсак, региондорду өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын негизги багыттарынын бири болуп жергиликтүү ишкердүүлүктү колдоо саналат.

Пикир

Оставить комментарий