• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Монголияга жөнөп кетти — коштоп кеткендер

Президент 0

Бишкек, 09.07.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун чакыруусу боюнча мамлекеттик сапар менен Улан-Батор шаарына жөнөп кетти.

Мамлекеттик сапардын алкагында Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, премьер-министр Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ, Монголиянын Улуу мамлекеттик хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги иш-чаралар жана өнөр жай ишканаларына баруу пландаштырылган.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

Айгүл Жапарова - Президенттин жубайы;

Жээнбек Кулубаев - тышкы иштер министри;

Эдиль Байсалов - Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары;

Муратбек Азымбакиев - Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

Айбек Артыкбаев - Кыргызстандын Монголиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси;

Алтынбек Максутов - маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;

Тилек Текебаев - транспорт жана коммуникациялар министри;

Данияр Амангельдиев - экономика жана коммерция министри;

Умбриэль Темиралиев - Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору;

Эмилбек Абдыкадыров - Бишкек шаарынын мэри;

Самат Насирдинов - айыл чарба министринин орун басары;

Эмиль Осмонбетов - жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий